Депутаттар Баткенде 7-майда болгон чатакты жабык эшик артында талкуулашууда
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин19-майдагы жыйынында Баткенде 7-майда болгон кыргыз-тажик жарандарынын чатагы каралууда. Маселе жабык эшик артында талкууланып жатат. Өкмөт өкүлдөрү аталган окуянын келип чыгышы боюнча депутаттарга маалымат беришип, чек ара талашын чечүү жолдору талкууланмакчы.