Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин мамлекеттик чек ара маселесин чечүүгө тиешеси жок. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. “Чек ара маселеси - мамлекеттин өзүнүн иши. Делимитация жана демаркация иштери улантыла берет”,- деди өкмөт башчы. Буга чейин депутаттар Бажы биримдигине кирүүдө чек ара маселесин эске алуу зарыл экенин айтышкан эле.
Депутат Улукбек Кочкоров өкмөт башчыны чогуу Баткенге барып келүүгө чакырды. “Убакыт тапсаңыз, 2-3 күнгө чогуу Баткенге барып келели. Аймагы такталбаган айылдар көп”,- деди депутат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.