10-январда Бишкек, Кара-Балта жана Жалал-Абад шаарларында башталган Жаштар аралык волейбол лигасынын II туру аяктады. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда аталган спорт түрү боюнча мелдештер 4-январда Жалал-Абад жана Карабалтада “Бурганак”, ал эми Бишкекте “Владимир Анкудинди эскерүү" деген аталышта башталган. Борбордогу Жаш жеткинчектер аралык волейбол лигасынын II турунда эркектердин 7 командасы ойноп, жеңишке “Салам-Алик” командасы жетишкен. Кара-балта шаарында болсо кыз-келиндер арасындагы таймаштарда 10 команданын ичинен “Салам-Алик” кыздар командасы биринчи болду. Ал эми Жалал-Абадда өткөн мелдешке эркектер жана кыз-келиндер арасында 10 команда катышып, жеңишти Ноокен районун командасы илип кетти. Эми алдыда аталган спорттук мелдештин III туру күтүп турат.