Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Амир-Темир аймактык кеңешинин жашоочуларына "Эл достугу биримдикте" аттуу концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Ош ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда "Келечек” балдар чыгармачылык борборунан 5-8 жашка чейинки балдар катышып, ар улуттун ырлары ырдалып, бийлери аткарылды. Мындан тышкары Жапалак айыл өкмөтүнүн тургундарына да тартууланды.
Айта кетсек, 2010-жылдагы окуялардан кийин ИИМдин Ош облусу жана Ош шаарынын башкармалыгы улуттар аралык достукту бекемдөөгө багытталган ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет.