Абакта отурган Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын жол тосуу акциясына тыюу салынды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
"6-июнда Алай райондук прокуратурасы А.Келдибековдун тарапташтары укук коргоо кызматкерлерине зомбулук көрсөткөнү үчүн жол тосуу акциясына тыюу салуу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган. Бул өтүнүч канааттандырылды жана аны аткарууга, аталган акциянын катышуучуларына маалымдоого тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө жөнөтүлдү”,- деп жазды Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Эске салсак, Алай райондук соту абакта жаткан Ахматбек Келдибековдун жактоочуларына нааразылык акцияны башка жайда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.
Ал эми А.Келдибековдун боштондугун талап кылган эл 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турат.