Биометрикалык маалыматтар базасын түзүү боюнча Баткен облусунда жыйын өттү

Бүгүн, 10-июнда КРнын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү боюнча Баткен облустук администрациясынын имаратында жыйын өттү.

Ага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, өкүлдүн биринчи орун басары Б.Жолчиев, өкүлдүн орун басары С.Абдырахманов жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда биометрикалык паспорт жана биометрикалык маалыматтардын ортосундагы айырмачылык жөнүндө талкуу болду.  

Айта кетсек, биометрикалык паспорт - мамлекеттердин чек араларын кесип өтүү жана чет мамлекеттерде жүргөн учурларда ээсинин инсандыгын жана жарандыгын тастыктоочу мамлекеттик документ. Биометрикалык паспорт кадимки паспорттон ага ээсинин фотосүрөтүн, ошондой эле ал тууралуу маалыматтарды: фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, паспортунун номурун, анын берилген күнүн, ошондой эле ээси жөнүндө каалагандай кошумча маалыматтар камтылган атайын микросхема кошо орнотулгандыгы менен айырмаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан