Испанияда наристелердин үстүнөн секирген эң коркунучтуу фестиваль өткөрүлдү

Европадагы эң таң калтырарлык жана коркунучтуу фестивалдардын бири - El Colacho. Бул фестиваль 1620-жылдан бери Испаниянын Кастрильо-де-Мурсия шаарында өткөрүлүп келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 8-июлда жазып чыгышты.

Салтка ылайык, бир канча жергиликтүү тургун шайтанды сүрөттөгөн сары-кызыл костюм жана бет кап кийишип, 1 жашка толо элек наристелердин үстүнөн секиришет. Балдар шаардын башкы аянтына төшөлгөн матрастын үстүнө жаткырылат. 

Чет элдик басылмаларга таянсак, мындай ыкма менен алар наристелерди күнөөдөн арылтып, көз тийүүдөн, оорудан, кара күчтөрдөн сакташат. Алардын билдирүүсүнө караганда, шайтандын образын берген эркектер секирип жатканда жамандыктар алардын артынан ээрчийт да, муну менен наристелердин жандары тазаланат. 

Бул ырым-жырым аяктагандан кийин фестивалдын катышуучулары бийлеп, ырдап көчө майрамын уюштурушат. Бул фестивалдын тарыхында бир дагы наристе зыян тарткан эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jakula
2014-07-09 12:25:10
Шумдугун кургур. Эмне деген оюн.Кайдагы шумдуктарга ишенишет.Адамдын ичине кирген шайтан кызыл тасыл кийимди ээрчип кетмек беле.Андан коро кудайга ишенип пейилин ондошсо шайтан жолобойт.
0
gulmira96
2014-07-09 12:30:03
Обу жок катын оорсок уй саайт болушкан го, кенедей наристелерде кандай куноо болмок эле. Андан коро оздорун тазалашса болмок жиндилер.
+2
Мэри
2014-07-09 12:54:00
Наристенин өзү таза да, анда кайдагы күнөө? "Жандары тазаланат" деп, жөнсүз ырым экен.
+1
Altyn198
2014-07-09 15:24:48
мееси жокторбу булар эмне?
0
Krasnyi.kg
2014-07-09 19:55:45
кокус басып калып олтуруп койсо не болот экен .
0
Suke93
2014-07-10 00:05:46
Куноодон арылтып наристеде кандай кунооо озу куноосуз таза торолсо андан коро олум астында жаткан кары картандарды жаткызып алып секириа ойнобойбу(Эми биздин динге туура келбейтко бирок айттым койдумда)
+1
Toguzbay
2014-07-10 11:25:44
Жоругуң жолдо калгырлар!!!
+1
Bolotbek7404
2014-08-02 23:47:30
таппасан сыйпалап кал
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан