Чек ара кызматы: "Ок атышуу болгон кыргыз-өзбек чек арасында коомдук-саясий абал турукташты"

Бүгүн, 19-августта кыргыз-өзбек чек арасында ок атышуу болгон Кадамжай районундагы Орто-Ынтымак айылында кырдаал турукташты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чек ара кызматынан билдирди. Маалыматта айтылгандай, ушул тапта Чек ара кызматы өз нугунда иш алып барып жатат, Орто-Ынтымак айылында кырдаал тынч. Ал эми бүгүн түштөн кийин эки тараптын Чек ара кызматы маселени чечүү максатында жолугуша тургандыгы айтылды.

Айта кетсек, бүгүн аталган аймакта чек арадан Өзбекстан тараптан 20-25 өзбек жараны мыйзамсыз өткөн. Ага чек ара кызматкерлери курал колдонууга барышкан. Натыйжада алардын бири октон жараат алып, каза болгон

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан