Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев "мугалимдер Билим берүү жана илим, Каржы министрликтеринин ишине нааразы" деп билдирди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-августта маалымдады. Жолугушууга жергиликтүү бийликтин, билим берүү тармагынын жетекчилери катышты.
“Жан башына каржылоо усулуна ала-букалыктар эле эмес, жалпы эле элеттиктердин басымдуу бөлүгү нааразы. Мындай усул киргизилгени менен, аны каржылык жактан бекемдөө, кошумча каржы булактарын аныктоо сыяктуу бир катар иштиктүү чаралар аягына чыгарылбай калган. Эми мындай алешемдиктер мугалимдердин ишине кедергисин тийгизип жатканы көрүнүп турат”,- дейт Осмоналиев.