"Буга катар КР Каржы министрлигине “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга карата республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга карата болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш киргизүүсү тапшырылган. Ошондой эле КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине Чүй облусунун Кемин районунун жана Кемин шаарынын товар өндүрүүчүлөрүнө компенсация төлөп берүүнү жүргүзүү иши тапшырылган" деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 7-майында селдин кесепетинен Чүй облусундагы Кемин шаарында жана Кемин районунун бир катар айылдарында турак жай, чарба курулуштары жана айыл чарба аянттары суу алдында калган.
Айыл аймактарынын комиссиялары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө актыларынын негизинде кырсыктын натыйжасында келтирилген чыгым аныкталган. Чүй облусунун Кемин районунун жана Кемин шаарынын товар өндүрүүчүлөрүнө келтирилген чыгымдын көлөмү 1 миллион 600 миң сомго жакын каражатты түзгөн.