2015-жылга Кыргызстандын жергиликтүү бюджеттеринин долбоорунун жалпы көлөмү 16,6 миллиард сомду түзөт

2015-жылга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын долбоору жана 2016-2017-жылдарга божомолу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына жана эки деңгээлдүү бюджеттик системге жараша аныкталды.

Каржы министрлигинин расмий сайтына 20-августта жарыяланган маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттердин жалпы саны 484 бирдикти түзөт. Алардын экөөсү – республикалык маанидеги шаарлар, он экиси – облустук маанидеги шаарлар, он жетиси – райондук маанидеги шаарлар, төрт жүз элүү үчү – айыл аймактары.

2015-жылга республиканын жергиликтүү бюджеттеринин долбоорунун жалпы көлөмү 16 миллиард 660 миллион 300 миң сомду түзөт. Башкача айтканда, 2014-жылга салыштырмалуу 804 миллион 900 миң сомго көбөйөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан