Бүгүн Таласта жаш активисттер митинг өткөрүшөт

Бүгүн, 2-сентябрда Талас шаарында жаш активисттер митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.  

Айтымында, митингде Таласта милиция тарабынан кармалган балдарды бошотуу талабы айтылат.

22-августта биз Талас шаарында курултай өткөргөнбүз. Ошого байланыштуу милиция кызматкерлери жашыруун эле биздин жигиттерди кармап кетип жатат. Учурда 6 жигит убактылуу кармоочу жайда. Эми биздин аракеттерди токтотуу максатында кармап жаткандыктан, биз аларды бошотуу талабын коёбуз”,- дейт Аскарбеков.

Талас шаардык ички иштер органдары "балдарды апрель айында Боо-Терек айылындагы жол тосуу окуясына байланыштуу кармадык” деп маалымат беришүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан