Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 2014-2015-жылдардагы сессиялык планынын долбоорлорун жана сентябрь айынын календарлык планын бекитти. Муну парламенттин маалымат кызматы бүгүн, 2-сентябрда кабарлады. Кеңештин отурумунда Жогорку Кеңештин 3-4-сентябрдагы пленардык жыйындарынын күн тартиби да бекитилди. Алдыда депутаттар "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" жана башка мыйзам долбоорлорун карашмакчы.