Депутаттар президенттин парламентке карата айткан сын-пикирине тынчсызданып жатканын айтышты

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сын-пикирине тынчсызданып жатабыз",- деп билдирди. Ошондой эле спикер Асылбек Жээнбековдон ЖКнын 4 жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча баяндама берүүнү суранды. “31-августта президент "Ала-Тоо" аянтында "парламент өзүн дискредитация кылып алды" деп айтты. Бул парламенттин дарегине айтылган катуу айып. Мен эч кимди жамандабайм, бирок, Асылбек Шарипович, депутаттардын 4 жылдык иши боюнча баяндама берип коюшуңуз керек”,- деди депутат. 

Спикер ушул жылдын октябрь айында депутаттардын төрт жылдык иши тууралуу баяндама бериле турганын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан