Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү майлардын баасы 15 пайызга өстү. Муну 3-сентябрда нефтетрейдерлер менен жолугушууда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков билдирди. Кыргызстанда учурда унаага май куюучу 650 жай иштеп жатканын кошумчалады ал. "Орусиялык заводдор бааны көтөрүүдө. Буга кошумча ички факторлор да бар, акциздик ставкаларды эки эсе көтөрүп салышты. Монополияга каршы орган баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербейт",- дейт Тайлаков.