Кыргызстанда жарым жылда калктын саны 1 пайызга өстү

Кыргызстанда 2014-жылдын январь-июнь айларында калктын саны 56 100 адамга же 1 пайызга өстү. Быйылкы жылдын 1-июлуна карата алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын калкынын саны - 5 миллион 833 миң. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 1-июлга карата облустардагы калктын саны төмөндөгүдөй: 
Баткен облусунда 475 200 адам
Жалал-Абад облусунда 1 миллион 110 100 адам
Ысык-Көл облусунда 460 800 адам
Нарын облусунда 272 800 адам
Ош облусунда 1 миллион 213 500 адам
Талас облусунда 245 300 адам
Чүй облусунда 861 300 адам
Бишкек шаарында 926 100 адам
Ош шаарында 267 600 адам
Январь-июнь айларында өлкөдө 77 403 ымыркай төрөлсө, 18 126 адам көз жумган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан