Быйылкы жылдын алгачкы 6 айында Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн 2 миң адам келсе, 5200 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, калктын миграциялык агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга азайыптыр. 2014-жылдын 6 айында өлкөгө кайтып келген мигранттардын саны 2061ди түзсө, өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 5237 адамды түздү. Мигранттардын өлкөдөн чыгып кетүү жана кайтып келүү көрсөткүчү 6 айдын жыйынтыгына карата облустар боюнча төмөнкүдөй:
Баткен: 170 адам кайтып келсе, 301 адам чыгып кеткен.
Жалал-Абад: 223 адам кайтып келсе, 459 адам чыгып кеткен.
Ысык-Көл: 53 адам кайтып келсе, 363 адам чыгып кеткен.
Нарын: 4 адам кайтып келсе, 28 адам чыгып кеткен.
Ош: 260 адам кайтып келсе, 461 адам чыгып кеткен.
Талас: 90 адам кайтып келсе, 230 адам чыгып кеткен.
Чүй: 612 адам кайтып келсе, 1673 адам чыгып кеткен.
Бишкек шаары: 533 адам кайтып келсе, 1481 адам чыгып кеткен.
Ош шаары: 116 адам кайтып келсе, 241 адам чыгып кеткен.