Ахматбек Келдибеков: "Өкмөт пенсияны көтөрдүк деп мактанбасын"
Парламенттеги Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында аталган комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков "өкмөт пенсияны көтөрүп жатканын айтып мактанбасын" деп билдирди. "Азыр 1 мүшөк ундун баасы 1700-1800 сом. Теледен муну 1100 сом деп берип жатышат. Эл "өкмөт пенсияны көтөрдүк деп мактанбасын" деп жатат. Бир жылда ундун баасы 800 сомго кымбаттаса, пенсия, болгону, 150 сомго көбөйүптүр. Эл айта бар деди эле, айттым" - деди депутат.