“Келерки жылдын республикалык бюджетинин абалы баарыбызды тынчсыздандырбай койбойт”,- деп билдирди депутат Курманбек Дыйканбаев. Эл өкүлү бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл аймагында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жаңы КРнын Бюджеттик кодексинин долбоорун талкуулоого арналган көчмө жыйынында айтты. Ал “КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору да талкуулана баштай турганын билдирди.
“Бюджет жаатында тезинен чечиле турган көп маселелер баш багып турат. 2014-жылдын биринчи жарымында салыктык түшүүлөр 35 миллиард 145 миллион сомду түзүп, ал 93,6 пайызга гана аткарылды. Мындайча айтканда, пландалган 2 миллиард 408 миллион сом бюджетке түшпөй калды. Бажынын абалы деле ушундай. Ал эми каражаттары кыскартылып жаткандыктан, бюджеттин “капиталдык салымдар” беренеси 1 миллиард 574 миллион сомго же 62 пайызга гана каржыланды. Жыл сайын эле ушинте берүүгө болбойт да”, - дейт Дыйканбаев.
Андан сырткары депутат өкмөт тарабынан сунуш кылынган 2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда анын киреше бөлүгү бир аз жогорулаганы менен, чыгаша бөлүгү менен бюджет таңсыктыгы кыйла өсүп кеткени байкаларын айтты. “Быйылкы бюджеттин таңсыктыгы 9 миллиард 443 миллион сом болсо, 2015-жылы ал 14 миллиард 683 миллион сомду түзөрү болжолдонууда. Ошондон улам республикалык болочок бюджеттин абалы баарыбызды тынчсыздандырбай койбойт”,- деди ал.