Юстиция министрлигинде 4-сентябрда Эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында жылдын экинчи жана үчүнчү кварталында кароого киргизилген пункттарды аткаруу маселеси талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында бир катар пункттарды мындан ары да ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алынды.