Казакстанда күйүүчү майдын тартыштыгы чыкты. Бензин, дизель майына баалар көтөрүлгөнү менен, кырдаал өзгөрө электигин казакстандык маалымат булактары 5-сентябрда жарыялашты. Маалыматка таянсак, ири май куюучу станциялар негизинен корпоративдик кардарларын гана тейлөөдө. Эркин сатыктан ушу тапта жогорку сорттогу АИ 95 үлгүсүндөгү бензинди табуу кыйынга туруп жатканы айтылууда. Көпчүлүк авто ээлери унааларына сапаты төмөнүрөөк бензинди куюуга аргасыз. "Бензин боюнча маселе жаралууда. Бардык жерде талон менен. Ачык айтканда, бардык жеке менчик май куюучу жайлар акча жасашууда. Мен 92-үлгүдөгү бензин куюп жүрчүмүн, азыр 80-үлгү куюп жатам. Унаамды кыйнап бүттүм",- дейт жергиликтүү айдоочулардын бири Нурмат Байбеков.