Бүгүн, 24-январда саат 13:00дө борбордогу спорт-комплекстердин биринде АКШнын Олимпиада чемпиону Рулон Гарднер менен кыргызстандык спортчулардын жолугушуусу болот. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага спортчулар менен кошо Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлү Шейшенкул Бакиров, КРнын Грепплинг федерациясынын президенти Кенжебек Чекиров жана башка спорт тармагынын кызматкерлери катышмакчы. Жолугушууда кыргыз спортунун абалы, келечеги тууралуу сөз болот.