Төрөбай Зулпукаров өкмөт каржыга байланышкан орчундуу маселелерди көтөрбөй жатканын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 23-сентябрда “Парламент” радиосунун түз уктуруусундагы маегинде өкмөт мамлекеттик каржыга байланышкан маселелер боюнча ченемдик укук актыларын иштеп чыгуу демилгесин көтөрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи. “Тилекке каршы, өкмөттүн бул багытта солгун иштеп жатканы көрүнүп турат. Алар каржыга байланышкан айрым бир орчундуу маселелерди көтөрбөгөн соң, Жогорку Кеңештин депутаттары козгоого аргасыз болууда”,- дейт ал.

Мисалы, биз букмекердик конторалардын иши тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентте кабыл алынган. Ага президент тарабынан вето коюлгандыктан, азырынча токтоп турат. Көрсө, букмекердик мекемелер бюджетке жарыбаган каражат – жылына 9 миллион сом түшүрөт экен. Ал эми анда ойногон канча адамдын тагдыры талкаланып жатат? Муну адегенде өкмөт ойлонушу керек эле да. Алар мыйзамды андан ары жылдыруу жаатында көмөк көрсөтө элек”,- деп кошумчалады Зулпукаров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан