Мыктыбек Абдылдаев президенттин парламентке айткан сынына Асылбек Жээнбеков жооп бериши керектигин билдирди

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев:Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта "Ала-Тоо" аянтында "парламент өзүн дискредитация кылып алды" деп айткан пикирине Асылбек Жээнбеков тезирээк жооп бериши керек”,- деди. Анын айтымында, эгерде спикер жооп бербесе, президенттин айткандары чындык болот. Мен бул маселени 3-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында көтөрүп, спикердин жооп берүүсү керектигин айткам. Андан бери 20 күн өттү, бирок эч кандай жооп боло элек. Демек, жооп болбосо, президенттин айткандары чындык болот”,- деди Абдылдаев.

Айта кетсек, Асылбек Жээнбеков октябрь айында парламенттин 4 жылдык иши боюнча баяндама жасай турганын айткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан