Кыргызстанда 2015-жылы орточо айлык 9 пайызга өсүп, 13 350 сомду түзөт

Кыргызстанда 2015-жылы эмгек акынын орточо көлөмү 9 пайызга өсөт же 13 350 сомду түзөт. Пенсия быйылкыга салыштырмалуу 3,5 пайызга өсөт же 4700 сомго жетет. Ал эми жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунун эң төмөнкү көрсөткүчү 5389 сом болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында билдирди. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев Экономика министрлигине өлкө аймагында иш алып барган 36 компаниянын ишин текшерүү планын жибергенин айтты. "Мисалы, ушу тапта Чаткал районунда 12 компания иштесе, текшерүү жыйынтыгында 2 компаниянын лицензиясы токтотулду. Эми Ала-Бука районунун аймагында иштеген компаниялардын иши текшерилгени турат",- деди агенттик башчысы.

Тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев Кара-Балта жана Токмок шаарларындагы "Жунда" жана "Чайна Петроль компани" ишканалары толук кубаттуулукта иштебей жатканын белгиледи. Ошондой эле депутат өлкөнү Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолунда ушул сындуу ишканалар аркылуу кошумча жумушчу орундары түзүлө турганы айтылганы менен, алардан бюджетке качан жана канча көлөмдө каражат түшөрү так жазылбай калганына нааразычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан