Бүгүн, 24-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев орусиялык "Росагромаш" айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкы директору Евгений Корчевойду кабыл алды.
Жолугушууда "Айыл-агро-2015" көргөзмөсүн өткөрүү боюнча сөз жүрдү. Сарпашев белгилегендей, ийгиликтүү өткөн "Айыл-агро-2014" көргөзмөсү инновациялык технологияларды пайдаланууда чоң түрткү берди.
“Келерки жылдын май айында өтчү көргөзмөдө бир катар дыйкандар кооперативге топтолушуп, заманбап айыл чарба техникасын алууну көздөөдө. Өлкөдөгү тамчылатып сугаруу жана күнөскана чарбаларынын келечегин эске алуу менен "Айыл-агро-2015" көргөзмөсүнүн алкагында өзгөчө көңүл аталган багыттарга бурулушу кажет. 2014-жылдын соңуна дейре тамчылатып сугаруу үчүн продукция чыгара турган завод куруп баштоону пландаштыруудабыз",- деди Т.Сарпашев.