Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-сентябрда КРнын мыйзамдарын, Жогорку Кеңештин токтомдорун жана башка чечимдерин аткаруу, ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзамга баш ийген укуктук актыларды даярдоо жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери маалымат беришти.
Жыйында “Кумтөр” долбоору боюнча келишимди жаңыртуу жаатында сүйлөшүүлөр улантылып жатканы, бир катар маселелер боюнча кайчы пикирлер бар экени белгилүү болду. “Эгер өкмөттүн койгон талабы ишке ашса, эки тараптын үлүшү 50-50 пайыз катышында болуп, болжол менен жылына 60 миллион доллар көлөмүндө каражаттын түшүшү күтүлөт. Азыр эки тараптуу жаңы келишимге жыл аягына чейин кол коюу аракети жасалып жатат. “Кыргыз алтын” АКсынан “Кумтөр Голд Компани” тарабынан 200 миллион доллар каражаттын чыгарылып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши азыр сотто каралып, ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы боюнча материалдардын негизинде Башкы прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ошону менен бирге бир катар өкмөт мүчөлөрү отставкага кетип, дагы бир топ жетекчилерге катуу талап коюлду”,- деди Оторбаев.
Жыйын жүрүшүндө депутаттар тарабынан калкты электр энергиясы, көмүр, газ, таза суу менен камсыз кылуу, чек ара аймактарынын инфратүзүмүн жакшыртуу, социалдык объектилердин курулушун бүтүрүү, мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу, жайыттарды жакшыртуу, мал башын идентификациялоо сындуу бир катар талылуу маселелер козголуп, өкмөттүн дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылды.
Жыйынтыгында КР мыйзамдарын, Жогорку Кеңештин токтомдорун жана башка чечимдерин аткаруу, ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзамга баш ийген укуктук актыларды даярдоо жөнүндө өкмөттүн маалыматын эске алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Токтомго ылайык, жыйын жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча өкмөткө бир катар тапшырмалар менен сунуштар берилди. Ошондой эле 2014-жылдын 15-декабрына чейин өкмөт токтомдун аткарылышы жаатында маалымат берүүгө тийиш.