Темир Сариев: “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, мигранттарга эң жакшы шарттар түзүлөт”

Бүгүн, 26-сентябрда экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, мигранттарга эң жакшы шарттар түзүлөт” деп билдирди.

Анын айтымында, Орусия Беларусь менен Казакстандан барган мигранттарга кандай жеңилдиктерди түзүп берип жатса, бизге да ошондой жеңилдиктер болот. “Мекендештерибиз эркин барып иштеп калышат. Биз мигранттарга шарт түзүп беришибиз керек. Биримдикке кирбей калсак, асман түшүп кетпейт, кирбей калсак башка мамилелерди деле издейбиз. Болгону биздин товарлар, жарандарыбыз чек арадан чыга албай калат. Ошон үчүн башка жолубуз жок”,- деди Сариев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан