“Бажы биримдигине кирсек эле мигранттар жыргап кетпейт” деди министр Алиясбек Алымкулов

"Бажы биримдигине кирсек эле мигранттардын маселеси чечилип калат десек адашабыз". Бул тууралуу 26-сентябрда эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров министр Темир СариевгеСиздер алып келген документтерде мигранттар тууралуу маалыматтар аз экен. Бажы биримдигине кирсек, Орусияда "кара тизмеге" кирип калган мекендештердин баары тизмеден чыгарылабы же ошол бойдон калып калабы?” деп суроо салды.

Сариевдин ордуна министр Алиясбек Алымкулов жооп айтты. “Орусиянын "кара тизмесинде" жалпы 38 миң жараныбыз бар. Биз аларды тизмеден чыгарууга аракет кылып жатабыз. Тизмеде Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден болуп 1 миллиондон ашык адам бар. Бирок алардын ичинен жалгыз эле Кыргызстан жарандарын тизмеден чыгарып жатат. Башкалар бирөөнү да чыгара албай жатышат. Анан биримдикке кирсек эле мигранттар жыргап кетет, мигранттардын маселеси чечилип калат дегенибиз жаңылыштык”,- дейт Алымкулов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан