Нидерландылык ишкерлер Кыргызстандагы тоок фермаларына керектүү жабдууларын сунушташты

Кыргызстан Нидерланды менен үрөнчүлүк кызматташтыкты күчөтөт. Муну Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 26-сентябрда кабарлады. Маалыматка таянсак, жакында Нидерландыдан келген ишкерлер кыргызстандык дыйкан-фермерлердин иши менен жакындан таанышышты. Сокулук районунун Арал айылындагы күнөскананын ишин көрүштү. Бул күнөскана 2009-жылы курулуп, учурда помидор менен бадыраңды жергиликтүү базарга сатыкка чыгарып жатканы айтылды. "Ысык-Ата районундагы тоок фермасын көргөн европалык делегация кыргыз фермерлеринин мындай жетишкендигине оң баа беришти. Өздөрүнүн тоок фермалар үчүн техникаларын, технологияларын сунуш кылышты. 
Кыргызстандык айыл чарба ишкерлери бул мамлекет менен үрөнчүлүк жаатында кызматташууга кызыкдар",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан