Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасын ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Казакстандан 100 миллион доллар сурап жатат

Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасын ишке ашыруу үчүн Казакстандан 100 миллион доллар сурап жатабыз”,- деп билдирди экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 26-сентябрдагы жыйынында. Сариев аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталуу алдында турганын айтты. Маселе эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда чечилери пландалып жатыптыр. Айта кетсек, жыйында Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусу боюнча иш-чаралар планын (“Жол картасын”) ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору каралууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан