Жоомарт Оторбаев: "Мындан ары Бишкек - Исфана каттамындагы учактар аптасына 2 жолудан уча баштайт"

Өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. 26-сентябрда Исфана шаарында облус жетекчилиги жана эл аралык "Манас" аэропортунун өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн премьер-министр "Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы эми туруктуу иштейт. Учактар эки тарапка тең аптасына эки жолудан уча баштайт, бул өтө келечектүү багыт",- деп билдирди. Оторбаев бул аба каттамын жандантууга көмөктөшкөнү үчүн парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Жусупали Исаевге ыраазычылык билдирди.
Айта кетсек, өкмөт башчы аталган облуска Бишкек-Исфана-Бишкек аба каттамынын кайра жанданышынан кийинки биринчи каттам менен учуп барды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан