Бүгүн, 26-сентябрда Ош шаарында жыйын өткөрмөкчү болгон
Равшан Жээнбеков менен
Өмүрбек Абдрахмановду аялдар жумуртка менен уруп, залдан кууп чыгышты. Бул тууралуу депутат Равшан Жээнбеков
өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Жээнбеков өзүнүн пикирдештери менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы стратегиясын Оштун жаштары менен талкууламакчы болгонун айтат.
"Ошол учурда 30га жакын аял жана жигиттер
ар кандай жаман сөздөрдү айтышып, жумуртка менен уруп, жыйынды үзгүлтүккө учуратышты. Мындан тышкары милиция кызматкерлери да чара көргөн жок",- деп жазды депутат.
"Ал жерден кетип, бир ресторандан жолугушууну уланталы десек аялдар ал жерге да келип чай ичирбей, дагы артыбыздан кууп жүрүшөт. Милициянын Ош ОИИБинин башчысы Сүйүн Өмүрзаковго чалып, бизди куугунтукка алган аялдарга жана бейбаштык кылып жаткан жаш жигиттерге чара көрүүсүн сурандым",- деди Жээнбеков.