Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн тургуну, 42 жаштагы Марина Кунделдин турмушунан кабар алды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган тургун 5 жылдан бери айыл четиндеги ээн талаада жер төлө казып, үй-бүлөсү менен жашап жатат. Ниязалиева жергиликтүү бийлик начар иштеп жатканын, турмушу начар, багар-көрөрү жоктор үчүн өкмөттүн атайын программасы жоктугун сынга алды. Социалдык жактан муктаж болгон мындай жарандардын саны көп экенин айткан эл өкүлү аларга тиешелүү жардам берилбесе, көпчүлүгү кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетерин белгиледи.
Маалымдалгандай, буга чейин Ленин айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан Кунделге жарандык паспорт алганга жардам берилип, сегиз жаштагы баласы мектеп-интернатка жайгаштырылган.