Курманбек Дыйканбаев Ханнс Зайдел фондунун окутуусунан өткөн кызматкерлерге ишеничи жогору экенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев 27-сентябрда Ханнс Зайдел фонду тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши боюнча өткөрүлгөн семинардын катышуучулары менен жолугушту. Дыйканбаев семинар катышуучуларына кыргыз парламентинин иши тууралуу маалымат берди. "Доктор Майер мырза менен 15 жылдан бери таанышмын, ал Кыргызстандын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын калыптанышына жакындан жардам берип келе жаткан мыкты өнөктөштөрүбүздүн бири. Фонддун кезектеги семинарынын Жогорку Кеңеште өтүп жатышы да сиздер үчүн кыйла пайдалуу болду деп ойлойм",- дейт депутат. Макс Георг Майер 2002-жылдан бери Ханнс Зайдел фонду тарабынан Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистрдик программасынын алкагында окутулган 1300 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер ушу тапта жооптуу кызматтарда иштеп жатканын белгиледи. "Биз алардын билимин андан ары тереңдетүү максатында ар квартал сайын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын маанилүү маселелерине арналган семинар өткөрүп турабыз",- дейт ал. Жолугушуу соңунда Дыйканбаев аталган фонддун окутуу программасынын алкагындагы окутуу семинарларынан өткөн кызматкерлер алган билимин иши менен айкалыштырып, өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыңалышына салымдарын кошо турганына ишеним артарын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан