Бүгүн мугалимдердин маяналарын жогорулатуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун экинчи отуруму болот

Бүгүн, 29-сентябрда парламентте мугалимдердин эмгек акыларын жогорулатуу маселесин иликтөө үчүн түзүлгөн жумушчу топтун экинчи отуруму болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу топтун максаты - мугалимдердин эмгек акысынын айланасында болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди 2014-жылдын 6-октябрына чейин иликтеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүү боюнча маселе киргизүү.  

Эске салсак, ушул жылдын 16-сентябрында парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети менен Билим жана илим бирлигинин жамааты мугалимдер маселесин чечүү максатында жумушчу топ түзүшкөн. Курамына депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы, жогорку окуу жайларынын кызматкерлери кирген.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан