Жоомарт Оторбаев: "Бүргөндү массивиндеги жер тилкелери чыныгы муктаж жарандарга берилиши керек"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 27-сентябрда Кадамжайдагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү иштери менен таанышып чыкты. Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев былтыр бул ишке 80 миллион сом бөлүнсө, быйыл 120 миллион сом, 2015-жылга 125 миллион сом каралганын, ирригациялык иштерди 2015-жылдын күз айына бүтүрүү пландалып жатканын билдирди. Өкмөт башчы бул иштерди аткаруучуларга бардык жумушту өз убагында, сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди. "Лотоктор сапатсыз жайгаштырылып жатканы боюнча мага да маалымат жетти. Эгер мындай факт бар болсо, анда талапка жооп бербеген бардык ирригациялык лотокторду алмаштырыш керек. Бүргөндү массивин өздөштүрүү өкмөттүн чек ара аймактарын бекемдөө жана Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча негизги багыттарынын бири. Бул жерге жаңы конуш куруу пландалууда, 4-6 миң үй-бүлөгө үй куруу үчүн жер тилкелери бөлүнөт. 3000 гектар айдоо жери болот",- деди Оторбаев.
Премьер-министр Баткен облусунун жетекчилерине жер тилкелерин берүүнүн критерийлерин иштеп чыгуу тапшырмасын берди. "Бул жерлер чыныгы муктаж жарандарга берилиши керек",- деп кошумчалады ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан