Кыргызстандын мамлекеттик карызы 187 миллиард сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Анын айтымында, тышкы карыздын көлөмү 174 миллиард 200 миллион сомду түзсө, ички карызы 12 миллиард 800 миллион сом. Комитет “КРнын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, жактырды.