Ооганстандагы кыргыздарды көчүрүп келиш керек. Бул тууралуу депутат Турсунбай Бакир уулу парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында айтты. Бакир уулунун айтымында, этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамдан башка эч кандай колдоо болбой жатат. “Биз эки жыл мурун Ооганстандагы кыргыздар менен иштөө боюнча комиссия түздүк эле. Комиссияга акча бөлүнбөй жатат. Негизи, аларды Кыргызстанга көчүрүп келиш керек. Биз гуманитардык жардамдар менен гана чектелип калып жатабыз”,- деди ал.
Депутат ошондой эле өкмөттү спортко көңүл бөлүүгө чакырды. “Биз эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн спортту өнүктүрүшүбүз керек. Өкмөт ушул тармакка акчаны жетиштүү бөлүшү зарыл. Биз митингдер менен таанылып бүттүк, эми спорт жагы менен да таанылалы”,- деп кошумчалады депутат.