Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп, Энергетика боюнча агенттик жана Өнөр жай министрлигин түзүү керек. Бул тууралуу депутат Эркин Сакебаев парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында айтты. Депутат Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, энергетика эмес, өнөр жай маанилүү ролдо болорун айтат. “Министрлик энергетика боюнча эле айтып жатат, эмнеге өнөр жай тармагын айтпайсыздар? Бажы биримдигине кирсек, Өнөр жай министрлиги негизги ролду ойнойт. Ошон үчүн мен Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп, Энергетика боюнча агенттик жана Өнөр жай министрлиги кылып түзүүнү сунуш кылам”,- деди Сакебаев.