Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдун өлчөмү көтөрүлөт

Кыргызстанда 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул дайындоо үчүн кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 705 сом болот. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Документ аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо системинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кабыл алынганын 29-сентябрда өкмөттөн билдирет. Буга чейин кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 640 сом болчу. Жакыр үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун суммасын көтөрүү менен бирге алардын жөлөк пулдун так дарегине жетишин көзөмөлдөө иши күчөтүлө турганы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан