Бишкекте иш маалынан башка учурда Киев-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Туңгуч" театрынын алдында токтоп турган 0002 KG номурлуу Кадиллактын сүрөтү маалымат булактары аркылуу жарыяланды. Ушул эле унаанын өткөн жекшембиде унаа базары тарапта жүргөнү, болгондо да каршылаш келе жаткан унаалардын жолуна чыгып алганын тастыктаган сүрөт тараган эле. Маалыматка таянсак, бул автоунаа Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошовага таандык кызматтык унаа. Мыйзамга ылайык, кызматтык автоунааны жеке иштерге колдонууга уруксат берилбейт.
Эскертме: Былтыр сентябрда Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата Кытай Кыргызстандын өкмөтүнө Cadillac XTS үлгүсүндөгү 46 автоунаа берген. Саммиттен кийин ал унаалардын 10у Жогорку Кеңешке, 10у министрликтерге берилген.