Кыргызстанда спирт ичимдиктерин саат 6:00дөн түнкү 12ге кийин жарнамалоого тыюу салынмакчы

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети бүгүн, 30-сентябрдагы жыйынында жарнама жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карады. Депутаттардын суроосуна демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешев жооп берди. Анын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, алкоголдук ичимдиктерди 00:00дөн баштап 06:00гө чейин гана жарнамалоого уруксат берилет.

Ичимдиктерди саат 22:00дөн баштап жарнамалап жатышат, бул туура эмес. Ошондуктан биз саат 00:00дөн баштап 06:00гө чейин гана уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Норманы бузгандарга айып пулдун көлөмү көтөрүлөт”,- деди Бекешев.

Депутаттар мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгуу чечимин кабыл алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан