Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан Турдакун Усубалиев, Сүйүнбай Эралиев жана башкаларга акчалай жардам берилди

Бүгүн, 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүндө Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан Кемин шаарындагы “Күн нуру” карылар үйүнө 50 миң сом берилди. Мекеме 2008-жылы ачылып, учурда ал жерде 35 адам жашап жатканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жогорку Кеңештин атынан бир катар эмгектин ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүлдү.

Вице-спикер Бөдөш Мамырова Эл аралык карылар күнү менен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин жубайы Кайрыниса Масалиеваны куттуктады. Ага бекем ден соолук каалап, төраганын фондунан акчалай жардам берди. Мындан сырткары Социалисттик Эмгектин Баатыры Гүлсайра Сулаймановага, Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Эл баатыры Сүйүнбай Эралиевге, Кыргыз ССР КП БКнын мурунку биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге, Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуевге, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровго жана жубайы Разия Мырзакматовага да куттуктоо айтылып, төраганын фондунан акча каражаты тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан