Кыргызстанда сөөктү көмүү үчүн жер тилкесин акысыз берүү кепилдиктерин уюштурууга багытталган мыйзм долбоорун бүгүн, 2-октябрда парламент депутаттары экинчи окууда колдошту. “Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору кечээ, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралган. Сунушталган мыйзам долбоору Кыргызстанда сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши чөйрөсүндө коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө багытталууда.
Демилгечилер сөөк коюу жаатында буга чейин мыйзам болбогонун, буга чейин токтом, жобо деңгээлинде гана уюштурулуп келе жаткандыгын айтышты.