Парламентте бүгүн, 2-октябрда "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Мыйзам Коргоо министрлиги менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүгө багытталган. Демилгечи депутат
Исмаил Исаков долбоорду коргоп жатып:
"Бул эң туура демилге деп айта алам. Коргоо министрлиги армиянын каржы маселелерин чечет, саясат жүргүзөт. Анын негизинде Башкы штаб өз ишин жүргүзөт, аскерлерди согушка даярдайт. Мындай тажрыйба Түркияда колдонулуп жатат",- деп билдирген болчу.
Бир катар депутаттар мыйзамдагы "Башкы штаб Коргоо министрлигине баш ийбейт" деген нормага каршы чыгышкан.