Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутаттар экономика министри Темир Сариевден айрым товарлар Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында сыртка чыгып жатканын айтып, Бажы биримдигине кирүү менен бул жагдай кандай болорун сурашты. Сариев БСУнун алкагында сыртка чыгып жаткан товарларга Бажы биримдиги эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын, эч кандай чектөөлөр болбостугун, бүгүнкү режим кандай болсо ошол бойдон кете берерин айтты. Ошону менен катар чек араларда бажы чек аралары, бажычылар алынарын, мамлекеттик чек ара посттору жана чек арачылар эч жакка жылбастыгын кошумчалады. “Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин ичинде товар жүгүртүү эркин болот”,- деди министр.