Айдоочулук күбөлүк алуудагы сынакка өз алдынча даярданууга тыюу салчу мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна 1-окууда добуш берилди. Мыйзам долбоору айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн сынактан өтүүгө өз алдынча даярданган адамдарга уруксат берүүнү алып таштоо максатында иштелип чыкты. Азыркы тапта "КРнын жол кыймылы жөнүндө" мыйзамда өз алдынча даярдыктар өтүп, бирок аткарган ишинин мүнөзүнө байланыштуу же башка себептерден улам белгиленген тартипке ылайык сабактарга катыша албай калган адамдарга өзгөчө тартип менен сынак берүүгө уруксат берилет. Мамлекеттик каттоо кызматына кирген тийиштүү департаменттин сынакка кирүүгө уруксат бериши коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна мүмкүндүк түзүп жатканы айтылды.

Мыйзам долбоору кабыл алынганда өкмөттүн токтому менен бекитилген экзамендерди кабыл алуу, жарандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана транспорт каражаттарын башкарууга айдоочуларга уруксат берүү тартиби жөнүндө жобого жана өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан