Жогорку Кеңештин депутаты
Райкан Төлөгөнов Кыргызстан Бажы биримдигине 4-5 жылдан кийин кириши керек деп эсептейт. Парламенттин 2-октябрдагы жыйынында депутат Кыргызстан Европа өлкөлөрү менен кызматташуу жолдорун да издеши керектигин белгиледи.
"Шашпайлы, 4-5 жыл байкоо салып көрөлү. Эгер Беларусь менен Казакстан жыргап кетсе, анан Бажы биримдигине кирели. Бирок азырынча Казакстан менен Беларустун кыйналып турганы гана белгилүү. Бул уюмга кирсек, европалык рынокко эшикти жаап жатабыз",- деди Төлөгөнов.
Экономика министри
Темир Сариев Бажы биримдигине киргенден кийин өлкөдө азык-түлүктүн баалары 10-15 пайызга кымбаттай турганын айтты.