Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому талкууланды. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору улуттук мыйзамдардын жоболорун Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Талкуу жыйынтыгында 11 мыйзам долбоорунан турган топтом биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Алар төмөнкүлөр:
- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (Бажы кодексине, “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамга).
- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
- “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзамдарга).
- “Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
Аталган мыйзам долбоорлоруна кийинки аптада добуш берилет.